09:38, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облустук соту 12 жаштагы уулун өлтүрдү деп шектелген адамга каршы кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш иши боюнча 1971-жылы туулган Ю. К. аттуу жаран айыпталып, ага Кылмыш жаза кодексинин «Кокустуктан адам өлүмүнө себепкер болуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жарандын 4 баласы бар, убактылуу иштебейт.
Мамлекеттик айыптоочу адвокаттын өтүнүч катына каршы пикирин билдирген эмес. Тараптардын пикирин уккан соң сот териштирүүнү токтотуу өкүмүн чыгарган.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-ноябрында милиция кызматкерлерине 2005-жылы туулган бала киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын денесинен ар кандай деңгээлдеги жараттар табылган.