Президент Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алды

12:12, 07 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков аппарат башчысы Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Фото президенттик аппараттын сүрөтү. Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовду узатты

Белгилей кетсек, өткөн жумада Фарид Ниязов отставкага кетүү арызын жазган. Бирок аны мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Президенттин маалымат кызматы Фарид Ниязов бир жума эс аларын маалымдашкан.

Фарид Ниязов буга чейин КСДПдагы ишин улантарын айткан.

Фарид Ниязов мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын кишиси. КСДПдагы таасирлүү кишилерден. Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден кийин Фарид Ниязовду кеңешчиликке, андан кийин аппаратын жетектөөгө бекиткен. Отставканын себеби белгисиз.