11:13, 13 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Коңшум менен тил табыша албай жатабыз. Анткени анын үйүнө келген коноктор мени
кооптонтонт. Ал өзү да динге берилип кеткен. Эми үйүнө чоң муштум, узун сакалдуу кишилер келип баштады. Кандайдыр бир экстремисттик топко кошулуп кеткенби деп ойлойм. Балдарым үчүн кабатыр болуп, көчөгө чыгарбаганга аракет кылам. Эмне кылышым керек?Жооп: Коңшуңуз боюнча маалыматты аймактык тескөөчүгө жана УКМК, ИИМге берсеңиз болот. Алар текшерип чыгып, сизге жооп беришет. Эгер сиздин кооптонууларыңыз чын чыкса, анда чара көрүлөт.
.