Ош шаарында ажылыкка каттоо Сулайман тоо мечитинде жүрүп жатат

11:15, 06 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында ажылыкка каттоо «Сулайман тоо» мечитинде жүрүп жатат. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Шаардыктардан Меккеге зыярат боюнча казыятка, же «Сулайман тоо» мечитине кайрылууну суранат.

Эскерте кетсек, ажылыкка каттоо 23-январдан 23-февралга чейин жүрөт. Быйыл биометриялык паспорт менен гана барууга болот. Зыяратчылардын саны менен бирге, акы дагы кымбатташы күтүлөт.