Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук берилип баштады. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн саат 16.00дөн баштап, ордо каала тургундары жылуулук менен камсыз болоорун айткан.
Шаар тургундарынын маалыматында, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык
университети, «Чыгыш-5» кичи району, шаардын түштүк тарабында жылуулук пайда болду. «Түштүк-2, «Асанбай» райондорунун жашоочулары дагы үйлөрү бир аз жылый түшкөнүн кабарлашты.
Эскерте кетсек, 26-январда «Бишкек жылуулук электр борбору» иштен чыкты. Бул арада көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар батирлерин электр жылыткычтары менен жылытууга киришти.