15:39, 18 января 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мазхаб деген эмне? Эмне үчүн биздин өлкөнүн мусулмандары Ханафит мазхабына таянышат?
Жооп: Мазхаб — бул исламдагы укуктар тууралуу мектептер, же багыттар десек болот. Негизинен бул сөздү арабчадан которгондо дагы кимдир бирөөнүн багытына кошулуу катары түшүндүрүлөт.
Суннит мусулмандарынын арасында төрт мазхабды белгилешет: ханафит, маликит, шафиит жана ханбалит.
Мисалы, Борбордук Азия мамлекеттери көп жылдан бери эле ханафит мазхабына кирет. Анткени, алар кайсы бир маселени талкуулоодо белгилүү диний аалым Абу-Ханифанын жана анын шакирттеринин окууларына таянат.