15:59, 11 января 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарындагы № 47 абакта кармалып жаткан Өмүрбек Текебаевдин кан басымы туруксуз болууда. Андыктан парламент депутаттары Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине кайрылып, саясатчыны ооруканага которууну өтүнүштү. Бул тууралуу журналисттерге депутат Исхак Масалиев билдирди.
Исхак Масалиев Жаңы жылга чейин Өмүрбек Текебаевге жолугуп кайткан.
«Ал ошондо эле кан басымы көтөрүлүп, кайра түшүп жатканын айтты эле. Албетте ага жаш курагы, кырдаал дагы таасир берип жатат. Андыктан даарыгерлердин кароосунан өтүшү зарыл» — дейт ал.