10:44, 26 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Бир апта башка шаарда болом, намаз толук окууга шартым болбой калышы мүмкүн. Кыскартып турсам болобу?
Жооп: Ооба, 15 конокто болсоңуз жолоочу катары эсептелесиз, намазды кыскарта аласыз. Сапарыңы 15 күндөн ашкандан кийин жолоочу катары эсептелбейсиз. Андыктан намазды толук аткарышыңыз керек.