Суроо-жооп. Сабакты таштап жума намазга чуркоо туура эмес

16:10, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мектепте мугалим болуп иштейм. Окуучулар жума күнү намазга кетип калышат. Исламда окууну таштап намазга кеткен туурабы?

Фото

Жооп: Окуу намаз сыяктуу эле динде чоң мааниге ээ. Мектеп окуучуларын ала турган болсо, аларга намаздан (зухр) окуу маанилүү. Намазды мектептен кийин деле окуса болот.