17:23, 20 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Өмүрбек Бабанов НТС телеканалынын кожоюну эмес. Бул тууралуу Grexton Capital Ltd. компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, НТС Данияр Мырзаевге катталган.
Елена Дзимидовичтин билдирүүсүндө, Grexton Capital Ltd компаниясы 2 миллион 457 миң 126 доллар инвестициясын кайтарып алууну көздөйт. Ал акча «Аян» ишканасына салынган.
«Ал ишкананы Өмүрбек Бабанов 2010-жылы өзүнө ыйгарып алып, 2011-жылдын 14-октябрында жоюлган. Бирок, так ошол «Аян» НТСтин кожоюну болуп көрсөтүлөт. Андыктан акчаны телеканалдын эсебинен алып жатабыз» — дейт ал.
Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшкөн. Ал эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
Сотко телеканалга карата доо арыз менен Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылганы белгилүү болду.