17:17, 15 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Менин жолдошум Бангладешке даватка барып келди. Эми Меккеге камынып жатат. Эки уулубуз бар. Алардын каршылыгына карабай медресеге берди. Биздин үйдө атанын чечими талкууланбайт. Жолдошум фанат болуп кеткенин түшүнүп турам. Кантип артка кайтарсам?
Жооп: Динде болобу, жашоодо болобу ортолукту сактап жүргөн оң. Эгер өмүрлүк жолдошуңуз менен көз-караштарыңызда ажырым пайда болгон болсо, ага эмес, өзүңүзгө бул жашоодо эмне керектигин ойлоңуз.
Белгилей кетсек, буга чейин теолог диний фанат болуудан, радикалдашуудан дин тууралуу туура маалымат жана билим гана сактай аларын айткан. Ошондо гана терс агымдардын жана инсандардын таасиринен алыс боло алат.