15:43, 14 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бариер Адиев аталык укугунан ажыратылбайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаарынын Октябрь райоунун социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова билдирди.
Анын айтымында, балаынын апасы Асел Эржанова кечээ жазган арызын кайра алды.
Эскерте кетсек, 2-декабрь күнү интернетте киши көчөдө жыгылган баланы ичке тепкен видео тараган. Ал эки жарым жашар баланын өз атасы экени такталып, кармалган. Бариев Адиев эки айга камалып, жумушунан айдалган. Баласынын апасы Асел Эржанова күйөөсүн аталык укугунан ажыратууну суранып, арыз жазган.