10:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эки жарым жашар уулун тепкен Бариер Адиев эки айга камалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бариев Адиев эки айга Бишкек шаарындагы тергөө абагына камалды. Бул боюнча Октябрь райондук соту чечим кабыл алды. 

Бариев Адиев күнөөсүн моюнга албайт. Ал интернетке чыгарылган видео монтаждалганын айтууда. 

Ага «тентектик» беренеси менен иш козголуп, жумушунан алынды. 

Эскерте кетсек, Бариер Адиев көчөдө тайып жыгылган баласын ичке тепкени видеого тартылып, интернетке чыгарылган. Ал 2,5 жаштагы Элхандын өз атасы экендиги ырасталды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума