Сокулуктагы абактан качкандардын дагы бирөө кармалды

09:56, 29 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Сокулуктагы абактан качкандардын дагы бирөө кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ Рамил Базаркулов менен Бакыт Дилдешев кармалган. Ал экөө тең № 1 тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, 27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүү төрт жаран качып кеткен.