«Казакстан чек арадагы көзөмөлдүү күчөтүү себебин ар сапар ар кандай түшүндүрүп жатат» — деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын акыркы билдирүүсүнө жоопто.
Анда Кыргызстан эмес, Казакстан чек арадагы кырдаал боюнча элге туура эмес маалымат берип жаткандыгы айтылат.
«11-октябрда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети террордук жана кылмыштуу топторду кармоо үчүн чек арада пландуу операция жүргүзүлүп жатканын айткан. 14-октябрда Казакстандын Маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев чек арадагы кырдаалды Кыргызстандагы шайлоого байланыштырат. 15-октябрда, Кыргызстандагы президенттик шайлоо күнү Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги чек арада ЕАЭБтин мыйзамдарын аткарып, мыйзамсыз аткерчиликти токтотуу үчүн иш чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирет» — дейт ТИМ.
Эскерте кетсек, Казакстан Кыргызстандан чек арадагы кырдаал тууралуу коомчулукка туура маалымат таркатууну сунуштаган. Анда Бишкектеги казак элчилигинин алдында өткөн митинг тууралуу билдирип, кыргызстандыктарга так маалымат берилбей жаткандыгын айткан.