Президенттик шайлоодогу дагы эки добушканын жыйынтыктары жокко чыгарылды

10:05, 23 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Президенттик шайлоодогу дагы эки добушканын жыйынтыктары жокко чыгарылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы № 1243 жана Анкара шаарындагы шайлоо тилкелеринин жыйынтыктары жокко чыгарылды. Ал шайлоо жыйынтыгына таасир бербейт дешет.

Буга чейин Сузак районундагы төрт шайлоо тилкесинин жыйынтыктары жокко чыгарылары маалымдалган. Ал боюнча азырынча БШКнын расмий маалыматы жок.

Президентти шайлоо 15-октябрда өттү.