16:11, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров саясый күрөштү улантат. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
«Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын лидери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарат.
«Шайлоо жыйынтыгы менен макул болуу — бул шайлоочулардын жан дүйнөсүнө түкүрүү менен барабар. Үгүттүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү дагы олуттуу мыйзам бузуулар болду. Бирок БШК, прокуратура, ИИМ дагы ага карап койгон жок. Баарыбыз криминал бийлик менен чогуу иш алып барганын көрдүк» — деди Адахан Мадумаров.
Алдын-ала жыйынтын боюнча Адахан Мадумаров 6,78 добуш алып, үчүнчү орунду ээледи.