Ошто таштандыдан табылган аялдын сөөгү жерге берилди

16:45, 04 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы таштандыдан табылган аялдын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирет.

Маалыматта аялдын эки уулу, бир кызы болгондугу айтылат.  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында жашаган улуу уулунун үйүндө жаназасы окулду. 

Аялдын башы дагы эле табыла элек. 

Эскерте кетсек, маркумдун өлүмүнө шектелип келини кармалган.