16:09, 29 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Кайненесинин өлүмүнө шектелген келин эки балалуу. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдайт.
27-августта Ош шаарында таштандыда табылган аялдын өлүгүн 1966-жылы туулган Чоң-Алай районунун тургунуна А. Жумагүлгө тиешелүү экендиги аныкталды. Анын өлүмүнө шектелип, эки аял кармалган. Бири маркумдун 25 жаштагы өз келини - Умсунай.