09:55, 25 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Отурум өлкөнүн гимни менен башталды. Парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков депутаттарды аймактарда жүргүзгөн иштерине ыраазычылык билдирди.
Күн тартибинде бир гана маселе бар. Бүгүн премьер-министрлик кызматка президенттик аппарат башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги каралат.