10:57, 24 июля 2017, Бишкек - 24.kg
«Өнүгүү-прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Де-факто» гезитине каршы доо арызын чакырып алат. Бул тууралуу FACEBOOK баракчасында билдирди.
Жогорку Кеңештин депутатынын айтымында, гезит андан кечирим сурап, «Бакыт Төрөбаев-Максим
Бакиевдин долбоору» аттуу макаласындагы маалыматтарды төгүндөгөн.Эскерте кетсек, жогоруда аталган макала жарыялангандан кийин Бакыт Төрөбаев кадыр-баркын коргоп, басылмадан 5 миллион сом талап кылып, сотко кайрылган.