Президенттикке талапкерлер 26-июлдан баштап кыргыз тилинен тест тапшырат

17:54, 19 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Президенттикке ат салышкандар 26-июлдан баштап кыргыз тилинен тест тапшырат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК талапкерлердин тизмесин тактап, тест тапшыруу күн тартибин белгилейт. 

Сынактан өтпөгөндөр шайлоого катыша албайт.