10:18, 13 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотуна бүгүн мурдакы президент Роза Отунбаева жана «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов келди.
Роза Отунбаева буга чейин дагы сотко катышып, иш калыс эмес каралып жатканын, сот Айбек Эрнис уулун буйрукту эмес, мыйзамды аткарууга чакырган.
Бүгүн мурдакы президент күбө катары көрсөтмө берип жатат. Роза Отунбаева сөзүн башында эле иш саясый өңүттө тергелгенин билдирди.