13:01, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун жубайы Быйыл Айдакенова Өмүрбек Текебаевдин сотуна күбө катары чакырылган. Бирок, ал өзү Кыргызстанда жок болгондуктан көрсөтмөсү окулду.
Анда, Быйыл Айдакенова 2010-жылдын аягында райондор аралык сотунун уулу Канат анын кеңсесине келип, MegaCom компаниясына россиялык ишкерлер кызыгып, Раушан Рыкунова аркылуу 1 миллион доллар сунуштап жатканын айтканын маалымдайт. Айдакенованын айтымында, россиялык ишкерлердин аты-жөнү аталган эмес. Бирок, бул сунушту ага кызыкдар тараптардын баары, Өмүрбек Текебаев дагы кабыл алган. Бир гана «Альфа Телеком» боюнча убактылуу комиссияны жетектеген Өмүрбек Абдырахманов баш тарткандыгы айтылат.
Өткөн жумада Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.