«Нарын» ресторанынын ордуна беш жылдыздуу отель курулат

17:48, 30 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

«Нарын» ресторанынын ордуна беш жылдыздуу отель курулат. Бул тууралуу имараттын кожоюну «ДеХеКо ЛТД» компаниясы билдирди.

Компания ресторандын жер тилкеси сатыкка коюлгандыгы тууралуу кабарды жокко чыгарат. Отелдин курулушуна 10 миллион доллар инвестицияланары айтылат.