«Акшумкар» партиясы бүгүнкү сьездинде Темир Сариевдин талапкерлигин алып чыгат

09:35, 19 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Акшумкар» партиясы бүгүн сьезд өткөрүп, Темир Сариевдин талапкерлигин алып чыгат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине партиядан билдиришти.

Алдардын айтымында, Темир Сариев партиядан президенттик шайлоого жалгыз талапкер.

Эскерте кетсек, 15-июнда БШК талапкерлерди каттоону баштады. Биринчилерден болуп, Назарбек Нышанов, андан кийин Өмүрбек Текебаев документтерин тапшырды. Талапкерлерди каттоо 15-августта аяктайт. 10-сентябрда үгүт иштери башталып, 15-октябрда шайлоо өтөт.

Алдын-ала божомолдор боюнча шайлоо эки турда өтүшү ыктымал.