«Асыл» пансионаты Билим берүү жана илим министрлигине берилди

11:09, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Асыл» балдар ден-соолугун чыңдоо борбору Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Окутуучулардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусун камсыз кылуу үчүн чечим кабыл алынгандыгы жазылат.

Буга чейин «Витязь» пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берилген.