13:49, 06 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Милиция Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратын курчоого алды. Ал жерде бүгүн мурдакы депутат Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишин териштирүү башталат.
Соттун имаратына эч кимди киргизбей жатат.
Садыр Жапаров, 25-мартта Кипрден Бишкекке келген кезде кармалган. Ошол эле күнү митингде аны бир нече тарапкери камакка алынган.