11:41, 01 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
Парламент Бишкек шаарындагы «Дыйкан» базарынын жабылышын иликтейт. Бул тууралуу бүгүнкү пленардык жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Төрага депутат Рыскелди Момбековду колдоого алды.
«Базардын аймагы жер. Демек бул жерге бирөөнүн көзү түшүп, кандайдыр бир кызыкчылыгы бар шекилди», — деди ал.