13:27, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
«Таза коом» долбоорунда иштеген IT-адистерге жакшы айлык акы коюлат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди.
Ал «24.kg» МАсынын долбоордун каржылоо булактары боюнча суроосуна «бул биздин маселе» деп жооп берди.
Бакыт Шаршембиевдин билдирүүсүндө, долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук-ченем актылары дагы даяр болду. Эки мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө, экөөнө керектүү өзгөртүү киргизилди.