Минск шаарында болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева тергөө камак жайында кармалып турган кыргыз жарандары менен жолугуп, Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолугушуу өткөрдү.
Укук коргоочулардын жолугушуусу 2-апрелде КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында өттү. Жамиля Жаманбаева менен Москалькова кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулашты.
Жамиля Жаманбаева орусиялык кесиптешинен эки кыргыз жаранын көйгөйлөрүн чечүүгө жана алардын укуктарын коргоого жардам берүүнү өтүндү.
Орусияда кармалган кыргыз жараны З.у.К.нын апасы Акыйкатчыга 2026-жылдын 25-мартында уулунан кабар ала албай жатканын айтып кайрылган. Анын айтымында уулу 2025-жылдын сентябрь айында кармалган. Кыргызстанда ага карата 278-берене (Массалык баш аламандыктар) боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.
Ошону менен катары эле Акыйкатчы РФнын Адам укукары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө энесинен ажыраган 10 жашар бала тууралуу маалымат берди. Азыркы учурда өспүрүм Челябинскте жакын туугандары жок, өгөй атасынын камкордугунда жашап жатат.
Анын тайенеси Кыргызстандын жараны Б.О.В. Бишкекте турат. Ал небересине мыйзамдуу камкорчу болуп, Кыргызстанга алып келүүнү көздөөдө.
Жамиля Жаманбаева кесиптешинен бул маселе боюнча РФнын тиешелүү органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, өспүрүмдү Кыргызстанга кайтарууга ара тараптуу көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Өз учурунда Татьяна Москалькова өз ыйгарым укуктарынын алкагында кыргыз жарандарына укуктук жардам көрсөтөрүн убадалады.
Ошол эле күнү Акыйкатчы Беларусядагы Кыргызстандын Элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Минск районундагы СИЗОго барды.
Тергөө абагында үч кыргыз жараны кармалып турат: алардын бири киши өлтүрүүгө, экөө баңги заттарды таратууга шектелүүдө. Акыйкатчы менен болгон жолугушууда алар кармоо шарттарына жана медициналык тейлөөгө байланыштуу даттанууларын билдиришкен жок.
Жамиля Жаманбаева аларга өз укуктарын, анын ичинде экстрадицияга болгон укугун түшүндүрүп берди.
Эске салсак, КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын VI жыйынында Жамиля Жаманбаева үч темада баяндама жасаган.

