09:12
USD 87.45
EUR 100.98
RUB 1.10

Бүгүн Бишкек шаардык театры «Отургучтар» спектаклин тартуулайт

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында 13-14-15-март күндөрү саат 19:00дө «Отургучтар» спектаклинин премьерасы өтөт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклде башкы ролдорду Накинай Дыйканова жана Эмгек сиңирген артист Руслан Орозакунов ойнойт.

Пьесанын режиссёру — Чагалдак Замирбеков. Сценография жана костюм боюнча сүрөтчү — Зухра Мукамбетова, ал эми хореограф — Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сергей Стрельцов.

Белгилей кетсек, «Стулья» пьесасы 1951-жылы жазылган. Анын автору Эжен Ионеско өз чыгармасынын жанрын трагедиялык фарс деп аныктаган. Бул пьеса абсурд театрынын символдорунун бири болуп эсептелип, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сахналаштырылып, культтук чыгармалардын катарына кирген.

Чыгарманы кыргыз тилине белгилүү акын, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаева которгон.

Эң көп окулган жаңылыктар