Нарын шаарында жолдун Жаңы-Жол бөлүгү таш кулоодон улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик 9-мартка карата билдирди.
№ 41 жол ишканасынын башчысы Нургазы Доолотовдун айтымында, таштардын андан ары кулоо коркунучу сакталып тургандыктан, бул жол тилкеси 10 күндөн эки жумага чейин жол кыймылы үчүн жабылышы мүмкүн.
Андан тышкары, кар көчкү коркунучу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 39-чакырымында, Кара-Үңкүр капчыгайында сакталууда. Температуранын жылуу болушуна байланыштуу айрым жерлерде майда кар көчкүлөрү болуп жатат.
Айдоочуларга 500 метрден кем эмес аралыкты сактоо жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталат.

