Бүгүн, 4-мартта жарандарды Мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда — Бишкек жана Жидда — Ош багыттары боюнча эки атайын авиакаттам аткарылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жидда — Бишкек багыты боюнча каттам менен 90 жаран, ал эми Жидда — Ош багыты боюнча 120 жаран жеткирилери күтүлүүдө.
Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот.
Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.
Кыргызстандын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

