2026-жылы өлкө аймагында 390 миң «акылдуу» эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган.
390 миң «акылдуу» эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү:
- Бишкек шаарына — 91 миң 210;
- Чүй облусуна — 89 миң 129;
- Ош олусуна — 68 миң 242;
- Баткен облусуна — 54 миң 997;
- Жалал-Абад облусуна — 71 миң 546.
Белгилей кетсек, «акылдуу» эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде электр энергиясын керектөөнү так эсептеп, техникалык жактан тез аныктоого, уруксатсыз кошулууларды алдын алууга жана эсептешүү үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

