18:18
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Акыйкатчы Чүй облусунун Токмок шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Токмок шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы менен жолугушууга Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунан жана Токмок, Кант шаарларынан 200дөн ашуун адам келди. Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы Институтунун мандаты жана ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Акыйкатчы белгилегендей, жыл сайын институтка 10 миңге жакын жаран кайрылат.

«23 жыл ичинде бирнчи жолу Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген Акыйкатчынын сунуштарынын 70 пайызы аткарылды. Бул биздин ишмердүүлүгүздүн натыйжалуулугун көрсөтөт. Бизге келип түшкөн ар бир арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, укук бузуулар аныкталган учурда чара көрүү актылары жөнөтүлөт», -деди Акыйкатчы.

Жолугушуу ачык форматта өтүп, каалоочулардын баары өз суроолорун бере алышты. Тургундар негизинен социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүштү. Кайрылуулардын көпчүлүгү майыптыгы бар жарандардан түштү. Алар шаарда майыптыгы барлар үчүн шарттардын жоктугун айтып, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, мектептерде шарттарды түзүүгө жана адистештирилген борборлорду ачууга көңүл бурууну суранышты. Ал эми, аутизими бар балдардын ата-энелеринин айтымында, мындай наристелерди билим берүү мекемелерине алышпайт.

Мындан тышкары, майыптыгы бар балдардын ата-энелери медициналык-социалдык экспертизадан өтүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтышты.

«Текшерүүдөн өткөрүү үчүн кыймылы жок баланын өзүн алып келиш керек деген талап бар. Бул бизге кыйынчылыктарды жаратып жатат. Менин балам чоң болгондуктан аны алып келүү кыйын, коомдук транспорт албайт, такси менен келиш үчүн көп акча кетет. Алыс жайгашкан айылдардан келген ата-энелердин бир топ каражаты кетип калып жатат»- дейт аял.

Айрым катышуучулар паспорт алууда туш болгон көйгөйлөрүн айтышты, алар каттоонун же башка зарыл документтерин жоготуп жибергендиктен паспорт ала албай жүрүшкөн. Тургундар дагы бир курч маселе катары турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин жетишсиздигин айтышты. Алар жерлерди которуу (трансформациялоо) процессин тездетүүнү жана Мамлекеттик Ипотекалык Компания аркылуу жетим балдар үчүн турак жай бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону суранышты.

Жамиля Жаманбаева мындай кайрылуулар Бишкек шаарынын тургундарынан да түшүп жатканын белгиледи. Аламүдүн районунун тургуну айылдаштарынын атынан Боз-Бөлтөк айылындагы карьердин иштеши экологияга терс таасирин тийгизип, сууларды жана айлана-чөйрөнүн булгап жатканын билдирди.

Жакында Жамиля Жаманбаева «Укук Кербенинин» биринчи сапарынын алкагында Ысык-Көл жана Нарын облустарына да барат. Эл менен жолугушуу учурунда Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жеринде укуктук жардам көрсөтүп, алардын арыздарын кабыл алат.

Эң көп окулган жаңылыктар