«Кыргыстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Фай менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Компаниянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Франция менен Кыргызстандын ортосунда француз авиакомпаниялары тарабынан түз аба каттамдарын түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Талкуу жарандык авиация жана туризм жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине, ошондой эле транспорттук жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Ошондой эле «Кыргызстан аэропорттору» ААК эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө кызыкдар жана бул багытты өнөктөштөр менен биргеликте практикалык жактан иштеп чыгууга даяр экендигин белгилеген.

