Жогорку Кеңеш өлкөдөгү турак жайдын жана ижара акысынын кымбаттыгына тынчсызданууда. Бул тууралуу депутат Болотбек Борбиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, турак жай баалары кескин көтөрүлүп, каарапайым адамдар үчүн жеткиликтүү болбой калды.
«Турак жайды ижарага алуу дүйнөлүк баага да жетти. Бул адамдардын чөнтөгүнө катуу сокку уруп жатат. Учурда чет өлкөдө иштегендер гана өз алдынча турак жай сатып ала алышат. Өкмөт бул маселени чечип, калкка турак жай менен жардам бериши керек», — деп белгиледи Болотбек Борбиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Бирок, сиз билгендей, турак жай Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулат жана каржыланат. Бул компания турак жай рыногунда турукташтыруучу фактор катары иштейт. МИК болбогондо, баалар андан да жогорулашы мүмкүн эле. Турак жай бааларына жер баалары таасир этет, алар учурда чектелүү. Учурда бул маселе боюнча комиссия иштеп жатат. Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу биз үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат», — деди.
Депутат Жылдыз Садырбаева ошондой эле өлкө боюнча турак жай баалары орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулаганын кошумчалады. «Биз өлкөнүн импортко көз каранды экенин түшүнөбүз, бирок Курулуш министрлиги курулуш материалдарынын ата мекендик өндүрүшүн кантип колдоону көздөйт?» — деп сурады ал.
Бул суроого Курулуш министри Нурдан Орунтаев чыныгы көйгөй Кыргызстандагы курулуш материалдарынын көпчүлүгү башка өлкөлөрдөн импорттолуп жаткандыгында экенин айтты. Ал мурда металл негизинен Орусиядан импорттолуп келгенин, эми Кытайдан металл импорттоого уруксат берилгенин түшүндүрдү.
«Курулуш тармагындагы чыгымдарды азайтуу үчүн бардык күч-аракет жумшалууда», — деп кошумчалады ал.

