15:15
USD 87.45
EUR 104.66
RUB 1.14

Акыйкатчы институту: «Балдардын рак ооруларынын жаңы учурлары көбөйүүдө»

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 2025-жылы Улуттук онкология жана гематология борборуна жана аталган оорукананын балдар бөлүмүнө мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын август айынын аягына карата стационарларда 60ка жакын бала дарыланып жаткан.

Балдар арасындагы онкологиялык оорулардын көбөйүшү тынчсызданууну жаратат. Эгерде 2014-жылы жылына орто эсеп менен 70 баладан рак илдети аныкталса, 2023-жылдан тарта бул көрсөткүч 200дөн ашкан. Көбүнчө курч лимфобласттык лейкоз, мээ шишиктери, нейробластома жана нефробластома диагноздору коюлат.Онкологдор балдарды медициналык мекемелерден дарылоодон баш тартуу учурларынын көбөйүп жатканына өзгөчө тынчсызданышат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү кемчиликтер аныкталды:

  • Онкология илдетине чалдыккан жарандарга жардам көрсөтүү сапатынын төмөндүгүн жана бейтаптардын укуктарынын бузулган;
  • Ооруканада нур менен дарылоочу аппараттар, заманбап жана сапаттуу диагностикалык жабдуулар, адистер, жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер жана стационардык орундар жетишсиз;

2025-жылдын август айында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда 34 адам нур менен дарылануу кезегин күтүп жатышкан, себеби 3 аппараттын экөө (Elekta Synergy и Elekta Synergy Platform) иштен чыгып калган. Дарылоо эскилиги жеткен «Бабатрон» аппаратынын жардамы менен гана жүргүзүлүп жаткан. Дарыгерлер залалдуу шишик илдети менен жабыркаган бейтаптарга өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө оорунун курчушуна алып келип, алардын өмүрүнө коркунуч жаратарын белгилейт.

Мындай нур менен дарылоочу аппараттар Улуттук онкология борборунда гана бар. Ошондуктан, бейтаптар башка аймактардан борборго келип дарылана алышат. Үч аппарат толук кандуу иштеген шартта дагы бейтаптардын баарына өз убагында жардам көрсөтүү кыйынчылык жаратат. Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде залалдуу шишикке чалдыкканы алгач аныкталган бейтаптардын болгону 25,6 пайызы гана нур терапиясын ала алышкан.

Онкология тармагындагы абалды нурлануудан коргоочу атайын каражаттардын жетишсиздиги да оорлотот. Алар шишикке таасир этүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана дарылоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл. Мониторинг учурунда нур терапиясы бөлүмүндө термопластикалык беткаптар (термопластическая маска) да жок экени аныкталган. Ал эми бар болгон башка керектүү каражаттар эскирип, деформацияланган абалда болгон.

Ал эми өзгөчө белгилей кетчү жагдай — нур терапия бөлүмүндө балдарды толук кандуу дарылоого мүмкүн эмес, себеби балдар үчүн термо беткаптар такыр жок. Изилдөөнүн жыйынтыгы, эскирген аппараттар, жетишсиз каражаттар өлкөдө залалдуу шишик илдетин эрте аныктоо кыйын экенин көрсөттү. Ал эми, борбордо бир гана УЗИ-аппараты жана 2014-жылдан бери иштеп, техникалык жактан эскилиги жеткен маммограф иштейт. Ошону менен катары эле ангиограф, заманбап эндоскопиялык жана лапароскопиялык системалар жетишсиз.

Жалпысынан алганда, онкология тармагын каржылоо оорукана муктаждыктарын толук камсыздабайт. 2018—2024-жылдар аралыгында бул тармакка жыл сайын болгону 3 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. 2024-жылы каржылоо 176 млн сомго, 2025-жылы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, оорукананын муктаждыгын толук жабуу үчүн 4,5 млрд сом талап кылынат, бул учурда бөлүнгөн каражаттан беш эсе көп.

Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча Министрлер Кабинетине, Финансы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына сунуштамаларды жөнөттү.

Акыйкатчы онкологиялык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча жаңы стратегия кабыл алууну, ошондой эле 2025—2030-жылдарга карата онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү план бекитүүнү сунуштады.

Жамиля Жаманбаева дарылоодон баш тартуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле бейтаптардын үй-бүлөлөрүнө социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурат.

Ошондой эле Акыйкатчы республикалык бюджеттен жабдууларды техникалык тейлөөгө каражат карап көрүүнү жана онкологиялык бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алуу шарттарын кайра карап чыгууну сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар