16:02
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн саат 12:50дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, ашууларда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсунө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар