Кыргызстанда «Социалдык контракт» программасынын алкагында барган сайын жаңы бал тармактары ачылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы программанын катышуучулары өлкө боюнча 254 бал челек ачышкан. Алардын көбү (150) Жалал-Абад облусунда ишке ашкан. Аймакта аарчылык тармагында Аксы, Токтогул жана Базар-Коргон райондору алдыңкы орунга чыкты.
Аарычылыкты Ош облусунан да өнүктүрө башташты. Бардыгы болуп 73 бал челек ачылган, алдыңкы орунда Чоң-Алай району 27 бал челек менен келатат.
Эмгек министрлиги белгилегендей, 2022-2023-жылдарга салыштырмалуу 138 бал челек ачылганда балчылыктын жагымдуулугунун өсүшү 45 пайызды түзгөн.
«Социалдык контракт» программасы 2022-жылы башталган. Ага аз камсыз болгон болгон үй-бүлөлөр катышып, мамлекеттен 100 миң сом алып, жеке бизнесин башташкан.