Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Энергетика министрлиги насыя алууну токтотобу деген суроону койду.
Ал белгилегендей, учурда министрликтин карызы 1,5 миллиард долларды түзөт.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев насыяларды, өзгөчө пайызсыз насыяларды узак мөөнөткө токтото албай турганын айтты. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 500 миллион доллар насыя берүүнү жакын арада Жогорку Кеңештин кароосуна коё турганын кошумчалады.