Бишкекте айланпа жол алты тилкелүү болот. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, автожолду реконструкциялоо долбоору учурда даяр болуп, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө.
Вице-мэр буга чейин жол жээгинде жайгашкан көмүр жана жыгач сатуучу пункттар алынып, айланасы тазаланганын кошумчалады.
Жол иштери жазында башталып, күзүндө бүтөт", — деди ал.
Жамалбек Ырсалиев ошондой эле Лебединовка менен айланма жолду бириктирген ГЭС-5ке чейинки жолду оңдоо пландары тууралуу да айтып өттү. Бул жерде эки тилкенин ордуна бөлүүчү тосмолор менен төрт тилке болот.
Жаңыланган каттам калктуу пункттардагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жана жарыктандыруу системасы менен жабдылат.