Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, салыктык түйшүгүн азайтуу жолу менен калкка жана ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жана кыйла натыйжалуу салыктык администрациялоого өтүү максатында, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:
1) Эки айлык мөөнөттө:
а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган КР мыйзамынын долбоорун киргизсин:
— транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюуну;
— 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан бошотууну;
— 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөөнү;
— уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салууну;
— 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарын эсептен чыгарууну;
б) жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулуучу товарлардын тизмесин аныктоо боюнча бир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин;
2) андан ары ушул жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо максатында жергиликтүү салыктарды жоюуга байланыштуу жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларын компенсациялоо боюнча альтернативдүү чараларды иштеп чыксын.
2. Салык жол-жоболорун санариптештирүү маселелерин ыкчам чечүү максатында «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана анын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин санариптик долбоорлору үчүн сим-карталарды жана интернет-кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.