Бүгүн, 9-декабрга карата өлкө аймагындагы стратегиялык маанидеги жолдордо жана ашууларда жолдор ачык жана каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка транспорт постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды.
Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.