Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалык № 9 ДЭБдин кызматкерлери кышкы дөңгөлөктөрү жок жүк ташуучу унааларды ашууга киргизбей жаткандыгын белгилейт. Транспорт министрлиги дагы бир жолу салмак жана габариттик нормаларды сактоого чакырат.
Азыр Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрү бар унааларды гана айдап, кардын чынжырларын тагынуу сунушталат.
«Сосновка, Чычкан жана Арал транспорттук көзөмөл постторунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө. Кышкы шарттарга ылайыктуу даярдыгы жок унаалардын айдоочулары ашууларга киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.