Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаалар үчүн жабык экенин 24.kg басылмасына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатуу иштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Жол инспекторлору айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана сапарды алдын ала пландаштырууга чакырат.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.