20:21
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Кыргызстан Сауд Арабиясынан ипотекалык турак-жай куруу үчүн насыя алат

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков эмне үчүн Кыргызстан Сауд Аравиясынан жылына 1 пайыз менен 79 миллион доллар насыя алып, ал акчага курулган батирлерди элге жылдык 8 пайыздан сатып жатканын сурады.

Эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча арзан турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашууну экинчи окууда талкуулап, жактырышты.

Келишимде турак жайларды куруу жана батирлерди ипотека менен берүү каралган. Жеңилдетилген каржылоонун көлөмү 79 миллион долларды түзөт. Божомолдор боюнча 2 миңге жакын үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот.

Депутат Кубанычбек Самаков эмне үчүн келишимдин алкагында насыя жылына 1 пайыз менен берилип, калк үчүн ипотека 8 пайыз болуп жатканын сурады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов мамлекеттик инвестиция комитети тартылган каражаттардын оператору болуп санала турганын, жер тилкелерин бөлүп берерин жана кийинчерээк сатып алуу менен кийин ижарага алуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак жайларды курууну каржылай турганын айтты.

«Ипотеканын үч түрү бар — социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү. Пайыздык ставка жылына 4 пайыздан 8 пайызга чейин. Пайыздык чен көтөрүлгөндө операциялык чыгымдар жана валюталык тобокелдиктер эске алынат», — деди Чоро Сеитов.

Эң көп окулган жаңылыктар