12:25
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт

28-октябрдан 15-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайынын 129,131,132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге ​​багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар