03:36
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

«Чыгыш-5» кичи районунун бир бөлүгүндө ысык суу кечке чейин өчүрүлдү

Бүгүн, 23-октябрда жылуулук тармагына оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн «Чыгыш-5» кичи районунда ысык суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 19.00гө чейин төмөнкү даректерде суу болбойт.

«Чыгыш-5» кичирайону, № 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөр;

Чүй проспектиси, No 30, 32, 34 үйлөр.

Мындан тышкары, Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайына («Восток-5», 20/3) жана No59 бала бакчага («Восток-5», 18/1) ысык суу убактылуу өчүрүлдү.

«Бул аймакта ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында жылуулук тармагынын 40 жылдан ашык эскирген тилкелери алмаштырылууда», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана сабырдуулугуңуз үчүн ыраазычылык билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар